# 294-статья. Бажы декларациясын кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 40-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-294>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-294.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 294-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-294

---

1. Берилген бажы декларациясын бажы органы кабыл алат. Бажы декларациясын берүүнүн фактысы жана документтердин берилиши аны бажы органы кабыл алган күн деп белгиленет. Декларанттын суроо-талабы боюнча бажы органы декларация жана документтер берилгендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктама берет. Бажы декларациясы кабыл алынгандыгы толтурулган учурдан тартып ал юридикалык мааниге ээ болгон фактыларды күбөлөндүргөн документ болуп калат.

2. Декларация декларант же бажы брокери болуп саналбаган жак тарабынан берилген, декларацияда талап кылынган маалыматтар көрсөтүлбөгөн, бажы декларациясына кол коюлбаган же ал ойдогудай түрдө ырасталбаган же белгиленген формада түзүлбөгөн, декларацияланып жаткан товарлар жагынан бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн же ушул Кодекске ылайык бажы декларациясы берилгенге чейин же аны менен бир учурда аткарылууга тийиш болгон башка иш-аракеттер жасалбаган учурларды кошпогондо, бажы органы бажы декларациясын кабыл алуудан баш тартууга укуксуз. Бажы органы бажы декларациясын кабыл алуудан баш тартуунун себептери жөнүндө декларация берген жакка декларация берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен кабарлайт. Декларанттын суроо-талабы боюнча мындай кабарлама жазуу жүзүндө берилет.

---

Мурунку берене: [293-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-293)  
Кийинки берене: [295-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-295)
