# 291-статья. Бажы декларациясын берүү мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 40-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 291-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-291

---

1. Эгерде товарларды декларациялоо ушул Кодекстин 196, 204-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, алар келген жерде жүргүзүлбөсө, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарларга бажы декларациясы Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарлар келген жердеги бажы органдарына товарларды берген күндү кошо эсептегенде же ички бажы транзити аяктаган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен берилет.

Эгерде бажы декларациясын берүү мөөнөтүнүн аякташы бажы органынын жумуш эмес күнүнө туура келсе, бул мөөнөт аяктаган күн болуп бажы органынын жумуш күнүнөн кийинки күн эсептелинет.

2. Декларанттын жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча бажы органы декларацияны берүү мөөнөтүн узартат. Бажы декларациясын берүү үчүн мөөнөттү узартуу товарларды убактылуу сактоо мөөнөтүн бузууга алып келиши мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташылып чыгуучу товарларга бажы декларациясы аларды иш жүзүндө ташып чыкканга чейин берилет.

4. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бажы эрежелерин бузуу менен алынып кирилген товарларга карата бажы декларация жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартуу тууралуу соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдык күчүнө кирген күндөн тартып же жоопкерчиликтен бошотуу же бажы эрежелерин бузуу жөнүндө иштин токтотулушу тууралуу соттун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын) чечими мыйзамдык күчүнө кирген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [290-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-290)  
Кийинки берене: [292-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-292)
