# 29-статья. Өлкөнүн өзүндө толугу менен чыгарылган товарлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 29-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-29

---

Өлкөнүн өзүндө толугу менен чыгарылган товарлар деп төмөнкүлөр эсептелет:

1) ошол өлкөнүн жер казынасынан, анын аймагындагы деңизден же деңиз түбүнөн казылып алынган пайдалуу кендер;

2) өлкөнүн өзүндө өстүрүлгөн же чогултулган өсүмдүк продукциясы;

3) өлкөнүн өзүндө туулган жана өстүрүлгөн тирүү жаныбарлар;

4) өлкөнүн өзүндө өстүрүлгөн жаныбарлардан алынган продукция;

5) өлкөнүн өзүндө аңчылык жана балык уулоонун натыйжасында алынган продукция;

6) деңизде балык уулоо промыселинин продукциясы жана ошол өлкөнүн кемеси болбосо ал ижарага алган (фрахталаган) кеме менен алынган деңиз промыслосунан башка продукциялар;

7) ошол өлкөнүн кайра иштетүүчү кемесинин бортунда алынган ушул статьянын 6-пунктчасында көрсөтүлгөн гана продукциялар;

8) ошол өлкөнүн деңизинин түбүнөн же аймактык деңизинен тышкары жердеги деңиз түбүнөн алынган продукция, ал өлкө ошол деңиз түбүн же деңиз алдындагы жер казынасын иштетүүгө өзгөчө укугу болгондо;

9) ошол өлкөдө кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк же башка операциялардын натыйжасындагы калдыктар жана темир сыныктары (экинчи жолу иштетилүүчү чийки зат), ошондой эле ошол өлкөдө чогултулган, мурда колдонуудагы буюмдар жана кайра иштетүү үчүн гана жарактуу болгон чийки зат;

10) ошол өлкөгө таандык же болбосо ижарага алган (фрахталаган) космос кемесинде ачык космосто алынган жогорку технологиянын продукциясы;

11) ушул статьянын 1-10-пунктчаларында көрсөтүлгөн продукциялардан гана ошол өлкөнүн өзүндө алынган товарлар.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-30)
