# 286-статья. Декларант

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 40-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2013 года № 112 "О внесении дополнения в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203920)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666168..666169>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 286-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-286

---

1. Товарларды алып өтүүчү жактар, товарга түздөн-түз ээлик кылган жактар же алардын атынан ишеним каттын негизинде иш жүргүзүүчү өкүлдөр ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ушул статьянын 3-пунктунда каралган шарттарды сактаган учурда товарларды тескөөгө укуктуу кандай гана болбосун башка жактар декларант катарында иш алып бара алат.

2. Бажы декларациясын бажы органына берүү үчүн жоопкерчилигин товарларды алып өткөн жак тартат.

3. Ата мекендик жак гана декларант боло алат, буга товарларды бажы чегарасы аркылуу алып өткөн төмөнкүдөй учурлар кирбейт:

жеке жактар коммерциялык эмес максатта; ушул Кодекстин 30-главасына ылайык бажы жеңилдиктеринен пайдаланган чет өлкөлүк жактар; белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында катталган (аккредиттелген) өкүлчүлүктөрү бар чет өлкөлүк уюмдар убактылуу ташып келүүнүн, реэкспорттун, транзиттин, ошондой эле мындай өкүлчүлүктөрдүн өз муктаждыктары үчүн ташылып келүүчү товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгаруунун бажы режимдери билдирилген учурда; транзиттин бажы режими билдирилген учурда чет өлкөлүк жүк ташуучулар. (КР 2013-жылдын 4-июлундагы № 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [285-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-285)  
Кийинки берене: [287-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-287)
