# 283-статья. Декларациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 40-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-283>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 283-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-283

---

1. Декларациялоо товарлар жөнүндө, алардын бажы режими тууралу так маалыматтар жана бажы максаттары үчүн зарыл болгон башка маалыматтар бажы органына берилген форма боюнча (жазуу жүзүндө, оозеки, электрондук жана дагы башка жол менен) билдирүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Декларациялоонун тартиби, формасы жана шарттары, ошондой эле бажы максаттары үчүн зарыл болгон маалыматтардын тизмеги ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен менен аныкталат.

Караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

3. Бажы декларациясында көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмеги бажы төлөмдөрүн эсептөө жана алуу, бажы статистикасын түзүү жана тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуу менен гана чектелет.

---

Мурунку берене: [282-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-282)  
Кийинки берене: [284-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-284)
