# 281-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун жана контролдоонун

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 281-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-281

---

атайы жөнөкөйлөштүрүлгөн иш жүргүзүүсү

1. Товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууну жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү максатында ушул Кодекс менен төмөндөгү адамдарга бажы жагынан жол-жоболоштуруунун атайын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболору жана тобокелдикти башкаруу тутумун пайдалануу жолу менен контролдоо белгиленет:

- бажы органына кайрылган күнү аларга карата колдонулуучу атайын жеңилдетилген жол-жоболор, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинде каралган бажы иштери жаатындагы администрациялык укук бузуулар тууралу иштер боюнча колдонууга киргизилген жана аткарылбаган токтомдор жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөгү карыздары жокторго;

- өзүнүн коммерциялык документациясын бажы органдарына андагы камтылган маалыматтарды жана товарлардын бажы документтерин толтурганда бажы органдары тарабынан берилген маалыматтарды салыштырууга мүмкүндүк берүүчү жол менен жөнөтүүчүлөргө;

- кеминде үч жыл тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыргандарга;

- минималдуу тобокелдик категориясына таандык болгондор.

2. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

3. Атайын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболор төмөнкүлөрдү караштырат:

- товарларды окшоштурууга керек болгон эң аз маалыматтар болгондо товарларды чыгарууга жана төмөндөгүлөргө уруксат берет:

- акыркы жүктүн бажы декларациясын андан ары толтурууга;

- каралган мезгил ичинде алып келинген же ташып чыгарылган бардык товарларга жалпы декларация толтурууга;

- өзүнүн кампаларына товарларды алып өткөн жана товарларын сактаган адамдардын объектеринде бажы жагынан жол-жоболоштурууну өткөрүүгө, ошондой эле ушул Кодексте каралган дагы башка жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорго.

4. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун атайын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун колдонуу жактарды ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар менен шарттарды сактоодон, атап айтканда жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын, ошондой эле бажы режиминин шарттарын сактоодон бошото албайт.

---

Мурунку берене: [280-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-280)  
Кийинки берене: [282-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-282)
