# 275-статья. Документтер жана маалыматтар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 275-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-275

---

1. Ушул Кодексте аныкталган жактар бажы жагынан жол-жоболоштуруусун жүргүзүшкөндө бажы органдарына бажы максаттары үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

2. Бажы максаттары үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана аларды берүү мөөнөттөрү ушул Кодекске ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет.

3. Бажы органдары бажы мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документтер менен маалыматтарды гана талап кылууга укуктуу.

Бажы жагынан жол-жоболоштуруу, анын ичинде бажы максаттары үчүн документтерди толтуруу мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, бажы органдары документтердеги анча маанилүү болбогон документтердеги негизги маалыматтардын маңызын өзгөртпөй, бажы жагынан жол-жоболоштуруусунда бажы органдарынын чечимдерин кабыл алууга таасир тийгизбей турган так эместиктердин бар экендиги боюнча аларды кабыл алуудан баш тартууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [274-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-274)  
Кийинки берене: [276-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-276)
