# 269-статья. Депозитти кайра кайтаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 38-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-269>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-269.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 269-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-269

---

1. Депозитти кайра кайтаруу депозит менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылган шартта гана жүзөгө ашырылат, аны кайра кайтаруу жөнүндө арыз милдеттенмени аткарган күндөн кийинки күндөн тартып үч жылдын ичинде бажы органына берилген болсо. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин депозиттин талап кылынбаган суммалары республикалык бюджетке которулат жана кайра кайтарылбайт.

2. Депозитти эсебине же кассасына депозиттин суммалары төлөнгөн бажы органы же аткаруу боюнча милдеттенмелер депозит менен камсыз кылынган бажы жол-жобосу же бажы режими аяктап жаткан бажы органы кайра кайтарат.

3. Депозит Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө депозиттик сертификат берилген учурда кайра кайтарылат.

4. Эгерде депозиттин суммалары бажы органынын кассасына накталай акча түрүндө салынган болсо, төлөөчүнүн каалоосу боюнча депозитти кайтаруу төлөөчү көрсөткөн эсепке накталай эмес түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

5. Депозитти кайра кайтаруу төлөөчүдө бажы төлөмдөрүн, туумдарды же пайыздарды төлөө боюнча карызы ушундай карыздын өлчөмүндө болгон учурда жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [268-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-268)  
Кийинки берене: [270-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-270)
