# 264-статья. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 264-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-264

---

өндүрүп алуу

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аткарылбаган учурларда бажы органдары төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн талап кылынбаган депозиттин чыгашаланбаган калдыгынын эсебинен же төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.

2. Депозиттин суммасынан өндүрүп алуу бул каражаттар бажы органынын эсебинде сакталган мөөнөттүн ичинде ушул Кодекстин 269-статьсынын 1-пунктуна ылайык бажы органынын начальнигинин же анын орун басарынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Депозиттин эсебинен бажы төлөмдөрүнүн суммаларын өндүрүп алуу жөнүндө бажы органы бул каражаттарды ушул органдын эсебине салган жакка өндүрүп алгандан кийин үч жумуш күнүнүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.

3. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [263-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-263)  
Кийинки берене: [265-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-265)
