# 261-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 261-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-261

---

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы төлөмдөрүнүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы тууралу, ошондой эле бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн же кошумча эсептелинген суммасын, туумду жана (же) пайыздарды бул талапта белгиленген мөөнөттө төлөө милдети жөнүндө төлөөчүгө бажы органы жөнөткөн жазуу жүзүндөгү билдирмени жиберет.

2. Талапта бажы төлөмдөрүнүн төлөнүүгө тийиш болгон суммасы, талап коюлган учурга карата эсептелген туумдун, өлчөмү, ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөтү талапты аткаруунун мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу жана төлөөчү талашы аткарбаганда колдонула турган аларды өндүрүп алууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу жана талап коюунун негиздери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.

Талаптын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет. Талап, эгерде ал тийиштүү түрдө жол-жоболоштурулган жана ушул статьянын 5-пунктунда белгиленген тартипте тапшырылган учурда гана күчүнө кирет.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюунун же толук төлөбөй коюунун фактысы табылган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен төлөөчүгө жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты аткаруу мөөнөтү кеминде 10 жумушчу күндү түзөт жана талап алынган күндөн тартып 30 күндөн ашпайт.

5. Талап уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка жеке кол койдуруу же талап алынгандыгынын фактысын жана датасын тастыктаган башкача ыкма менен берилүүгө тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар талапты алуудан баш тартса, ал тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт. Талап тапшырык катты бергендиги жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабарламасы алынаары менен алынды деп эсептелинет.

6. Ушул статьянын 4-пунктунда каралган мөөнөттө бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап аткарылбаганда бажы органдары ушул главага ылайык бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.

7. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап төлөөчүгө ал жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [260-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-260)  
Кийинки берене: [262-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-262)
