# 259-статья. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуунун жалпы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 37-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 259-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-259

---

эрежелери

1. Бажы төлөмдөрү белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда бажы органдары ушул главада аныкталган тартипте бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алат.

2. Мажбурлап өндүрүп алуу бажы төлөмдөрүн төлөөгө жооптуу жактардан ушул Кодекстин 221-статьясына ылайык, же төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүн төлөтүү ушул Кодекстин 262-статьясына ылайык сот тартибинде жүргүзүлөт.

3. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чаралар колдонулганга чейин бажы органы аларды төлөө үчүн жооптуу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө (261-статья) талап коет.

4. Бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:

эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап (261-статья) аларды төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн тартып же ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөгө жактын милдеттерин пайда кылган окуя болгон күндөн тартып 6 жылдын ичинде коюлбаса; эгерде бир бажы декларациясында көрсөтүлгөн товарлар же бир алуучунун дарегине бир эле убакта бир эле жиберүүчү тарабынан жиберилген товарлар жагынан бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөн суммаларынын өлчөмү 3500 сомдон аз болсо. (КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [258-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-258)  
Кийинки берене: [260-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-260)
