# 256-статья. Бажы органынын эсебине акча каражаттарын салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 256-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-256

---

(депозит)

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө жүргүзүлөт.

2. Депозиттин суммасына пайыздар эсептелбейт.

3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаган учурда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозиттик суммасынан чегерилет.

4. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда төлөнгөн акча каражаттары ушул Кодекстин 267-статьясына ылайык же төлөөчүнүн каалоосу боюнча кайра кайтарылууга, бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине же бажы органдарынын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча бажы төлөмүн камсыз кылууга берилүүгө тийиш.

5. Бажы органынын эсебине же кассасына акча каражаттарын салган жактын депозитине салынгандыгын тастыктап, депозиттик сертификат берилет, аны пайдалануунун формасы жана тартиби ушул Кодекстин 269-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [255-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-255)  
Кийинки берене: [257-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-257)
