# 255-статья. Банк кепилдиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 255-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-255

---

1. Бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзгөн банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар же камсыздандыруу уюмдары берген банк кепилдиктери алынат.

2. Банктарды, башка кредиттик уюмдарды жана камсыздандыруу уюмдарын, Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен белгиленет.

Караңыз: Банкттарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби боюнча Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген)

Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдары башкача бузулганда банктар, башка кредиттик уюмдар жана камсыздандыруу уюмдары Реестрден чыгарылып салынышы мүмкүн.

3. Банк кепилдиктерин берүү, банк кепилдиги боюнча талаптарды сунуш кылуу, кепилдик милдеттенмелерди аткарышына жана банктык кепилдиктердин токтотулгандыгына байланыштуу ченемдик укуктук мамилелерге Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.

---

Мурунку берене: [254-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-254)  
Кийинки берене: [256-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-256)
