# 254-статья. Товарлардын жана башка мүлктүн күрөөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-254>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-254.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 254-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-254

---

1. Күрөөнүн жүйөөсү катары Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык күрөөнүн жүйөсү болушу мүмкүн болгон мүлк күрөөнүн предмети боло алат.

2. Күрөө бажы органы менен күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен толтурулат. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жак же ар кандай башка жак күрөө коюучу болушу мүмкүн.

3. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттерди бажы органдарынын алдында аткарбай койгондо бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасы бажы органдары тарабынан күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен республикалык бюджетке которулат.

4. Эгерде бажы контролдугу астында болгон жана бажы органдары тарабынан берилген товарлар күрөөнүн жүйөсү болуп саналса, ошол товарлардын эсебинен бажы органдарынын талаптарын канааттандыруу ушул Кодекстин XII бөлүмүндө каралган тартипте сотко кайрылбастан жүзөгө ашырылат. Башка күрөөгө коюлган мүлктү өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгилеген тартипте айландырылат.

---

Мурунку берене: [253-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-253)  
Кийинки берене: [255-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-255)
