# 251-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун өлчөмү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 251-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-251

---

1. Бажы төлөмдөрүн камсыз кылуунун өлчөмү экспорттун бажылык режимине ылайык товарларды эркин жүгүртүү же аларды ташып чыгуу үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, пайыздардын жана (же) туумдун суммаларына таянуу менен бажы органы тарабынан аныкталат.

2. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылууда бажы төлөмдөрү бажы органына товарлардын мүнөзү, алардын аталышы, саны, аны чыгарган өлкө жана бажы наркы жөнүндө так маалыматтар берилбегендигинен улам төлөнүүгө тийиш болгон сумманы так аныктоо мүмкүн болбосо, эгерде бажы органдарынын алган милдеттенмелерин камсыз кылуу аткарылбаса, камсыз кылуу өлчөмү бажы төлөмдөрүнүн төлөнүүгө тийиш болгон алда канча мүмкүн болгон суммасына таянуу менен аныкталат.

3. Эгерде милдеттерди аткарбай коюу ушул Кодекске ылайык бажы алымдарын, салыктарын төлөө зарылчылыгына алып келсе, бажы органына бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу өлчөмүндөгү сумма, ал эми ушул Кодексте каралган учурларда - көрсөтүлгөн суммадан эсептелген туумдар же пайыздар төлөнөт. Ушундай төлөө күнүнөн тартып бир жылдын ичинде товарлар жөнүндө так маалыматтар аныкталганда ушул бөлүмгө ылайык бажы алымдарынын, салыктарынын ашыкча төлөнгөн суммасы кайра кайтарылат, же кем алынган сумма өндүрүлөт.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул статьянын 1- жана 2-пункттарында белгиленген талаптарды эске алуу менен товарлардын айрым категориялары жагынан бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун белгиленген өлчөмүн белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [250-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-250)  
Кийинки берене: [252-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-252)
