# 250-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуунун жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 250-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-250

---

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу төмөнкүдөй учурларда камсыз кылынат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө берилгенде;

2) товарларды шарттуу чыгарганда;

3) чет өлкөлүк товарларды ташуу жана (же) сактоо;

4) бажыга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр жагынан жумуштарды ишке ашыруу;

5) ушул Кодексте каралган башка учурларда.

2. Эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы 20 миң сомдон кем эмести түзсө, ошондой эле бажы органы өзүнө алынган милдеттенмелери аткарылат деп болжолдоого олуттуу негиздер бар болсо, бажы төлөмдөрүн төлөө камсыз кылынбайт.

3. Эгерде бир эле жак белгилүү бир мөөнөттө бир нече бажы жол-жоболорун жүргүзсө, бажы органы бардык ушундай жол-жоболорду жүргүзүү (башкы камсыз кылуу) үчүн бажы төлөмдөрүн камсыз кылууну кабыл алууга милдеттүү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы органдары бир нече бажы органдарында бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн бажы төлөмдөрүн төлөөнү башкы камсыз кылууну кабыл алуунун шарттарын аныктайт.

Бажы төлөмдөрүн төлөөнү аларды төлөө үчүн жооптуу жак, же бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жактын пайдасы үчүн кандай болбосун башка жак камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [249-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-249)  
Кийинки берене: [251-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-251)
