# 247-статья. Кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөтүүнү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 247-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-247

---

берүүнү жокко чыгарган жагдайлар

1. Эгерде кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү көздөгөн жакка карата:

1) Кыргыз Республикасынын салык же бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу кылмыш белгиси боюнча жазык же администрациялык иш козголгон болсо;

2) банкроттук жол-жобосу козголгон болсо, мындай жактарга бажы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилбейт.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү берүү жөнүндө чечим чыгарылышы мүмкүн эмес, ал эми чыгарылган чечим алып салынууга тийиш, бул жөнүндө кийинкиге калтырууну же бөлүп-бөлүп төлөөнү алуу тууралу арыз берген жак үч жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланат.

---

Мурунку берене: [246-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-246)  
Кийинки берене: [248-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-248)
