# 246-статья. Кийинкиге калтыруунун же бөлүп-бөлүп төлөтүүнүн негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.11.2013 [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068); 30.12.2011 [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666169..666170>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 246-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-246

---

Ушул Кодекстин 245-статьясынын 1-пунктунун 2-пунктчасында каралган бажы төлөмдөрүн төлөөнү кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөө бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө төмөнкүдөй негиздердин жок дегенде бири болгон учурда берилет:

1) бул жакка жаратылыш кырсыгынын, технологиялык кыйроонун же күч жетпес тоскоолдуктардын дагы башка жагдайларынын кесепетинен чыгым келтиргенде;

2) бул жакка мамлекеттик бюджеттен каржылоону же бул жак аткарган мамлекеттик акы төлөөнү создуктурганда;

3) эгерде бажы чегарасы аркылуу алып өтүүчү товарлар тез бузулуучу товар болуп саналса;

4) жак өкмөттөр аралык жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашырганда.

5) эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда ушундай кийинкиге калтыруу же бөлүп-бөлүп төлөтүү каралса, жөнөтүүлөр мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө долбоорду ишке ашыруунун алкактарында жүзөгө ашырылганда.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [245-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-245)  
Кийинки берене: [247-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-247)
