# 244-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 244-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-244

---

Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет төмөнкүдөй учурларда аткарылды деп эсептелет:

1) банктагы төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын алган учурдан тартып;

2) бажы органынын кассасына накталай акча түшкөн учурдан тартып;

3) бажы төлөмдөрүнүн эсебине ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү эсептелген учурдан тартып, ал эми эгерде мындай кошуп эсептөө төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлсө бажы органдары тарабынан - кошуп эсептөө жөнүндө арыз кабыл алынган учурдан тартып;

4) бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине депозитти кошуп эсептеген учурдан тартып, ал эми эгерде мындай кошуп эсептөө төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлсө - бажы органы кошуп эсептөө жөнүндө тескемени алган учурдан тартып;

5) бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине банктык кепилдикке же камсыздандыруу келишимине ылайык банк, башка кредиттик уюм же камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик келишимине ылайык төлөөчү төлөгөн акча каражаттары кошулган учурдан тартып;

6) эгерде көрсөтүлгөн акча каражаттарынын суммасынын өлчөмү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздын суммасынан кем болбосо, ага карата бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлар, же күрөө буюму болбосо төлөөчүнүн башка мүлкү өндүрүп алынган учурдан тартып.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [243-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-243)  
Кийинки берене: [245-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-245)
