# 243-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби жана формасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-243>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-243.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 243-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-243

---

1. Бажы төлөмдөрү ушул максатта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында белгиленген тартипте ачылган бажы органдарынын кассасына же эсебине төлөнөт, буга ушул Кодекстин 206-статьясынын 4-пунктунда каралган учурлар кирбейт.

2. Бажы төлөмдөрү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен төлөнөт.

3. Бажы төлөмдөрү накталай эмес тартипте, төлөм тапшырмаларын эсептешүү формасында накталай акча менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кредиттик карталарды пайдалануу менен төлөнүшү мүмкүн.

4. Төлөөчүнүн талабы боюнча бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөнүн жазуу жүзүндөгү тастыктоосун берүүгө милдеттүү.

5. Бажы төлөмдөрүн эсептөө жана түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [242-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-242)  
Кийинки берене: [244-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-244)
