# 242-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 242-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-242

---

1. Бажы төлөмдөрү төмөнкү учурларда төлөнөт:

1) бажы декларациясын бергенге чейин же аны менен бирге;

2) бажы режими өзгөргөндө;

3) ушул Кодекстин 245-статьясынын 1-пунктунда аныкталган учурда.

Түтүк өткөргүч транспорту, электр берүү линиялары боюнча өткөрүлүүчү товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү болуп мындай товарларды өткөргөн кийинки айдын календардык айынын акыркы числосу саналат.

2. Декларация алдынала берилген учурларда бажы төлөмдөрү товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинген жердеги бажы органына товарлар көрсөтүлгөн күндөн тартып же, эгерде товарларды декларациялоо алар келген жерде жүргүзүлбөсө ички бажы транзити аяктаган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

3. Товарларды ташып чыгууда бажы төлөмдөрү, эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе бажы декларациясы берилген күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

4. Бажы режими өзгөргөндө бажы төлөмдөрү өзгөрүлгөн бажы режиминин иш аракеттерин аяктоо үчүн ушул Кодексте белгилеген күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

5. Шарттуу чыгарылып берилген товарлар бажы жеңилдиктери берилген максаттарга эмес башка максаттарда пайдаланылганда үстөк акыны эсептөө максатында (260-статья) бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү ошол жак тарабынан товарларды пайдалануунун жана тескөөнүн чектөөлөрү бузулган биринчи күн эсептелет. Эгерде мындай күндү аныктоого мүмкүн болбосо, бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү катары бажы органы мындай товарларга бажы декларациясын алган күн эсептелет.

6. Бажы жагынан жол-жоболоштуруунун талаптары жана шарттары бузулуп, ал ушул Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн милдеттүүлүгүнө алып келсе, үстөк акыны эсептөө максатында бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү катары мындай укук бузуулар жасалган күн эсептелет. Эгерде мындай күндү аныктоого мүмкүн болбосо бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү катары тийиштүү бажы иш аракеттери башталган күн эсептелет.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-241)  
Кийинки берене: [243-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-243)
