# 239-статья. Бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 239-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-239

---

1. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:

а) тандалып алынган бажы режимине ылайык товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштурууну жүргүзүүдө;

б) бажы жол-жоболорун орун алган жери жана/же бажы органдары иштегенден башка убакта жасаганда;

в) ушул Кодекстин 57-главасына ылайык бажы органдары алдынала чечим кабыл алганда.

2. Товар катары декларациялануучу товарларды, транспорттук каражаттарды бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн товарлардын жана транспорттук каражаттардын бажы наркынын 0,15 пайызы өлчөмүндө бажы жыйымдарынан алынат, бирок мында алардын өлчөмү бажы органдарынын аталган операцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жасоого кеткен чыгымдардын болжолдуу наркынан ашпашы керек. Ушул статьянын 1-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн иштерди аткарууда бажы жыйымдары эки эселенген өлчөмдө алынат.

3. Товарларды жана транспорттук каражаттарды декларациялоодо бажы жагынан жол-жоболоштуруу үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнбөйт:

акысыз жардам (көмөк) көрсөтүү максатында бажы чегарасы аркылуу алынып өтүүчү товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда; нумизаттык максаттарга пайдалануудан тышкары акциздик маркаларды жана валюталарды бажы жагынан жол-жоболоштурууда; мамлекеттин пайдасына бажы режиминен баш тартуу билдирилгенде; аталган уюмдар экспонатка коюу максатында өздөрүнүн фондунда туруктуу сактоодо турган же убактылуу ташып келген маданий дөөлөттөрдү алып өтүү учурунда мамлекеттик жана муниципалдык музейлер, архивдер, китепканалар жана башка мамлекеттик же муниципалдык уюмдар бажы чегарасы аркылуу алып өтүүчү маданий дөөлөттөр жагынан убактылуу ташып келүүнүн жана реэкспорттун же убактылуу ташып чыгуунун же реимпорттун бажы режимин билдиргенде; ушул Кодекстин 30-главасына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү трварларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда; товарларды оозеки же конклюденттик формада декларациялоодо; товарларга өзүнчө декларацияны бербестен аларды декларациялоодо; Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган башка учурларда. Алдынала чечим кабыл алуу үчүн жыйым 500 сом өлчөмүндө алынат. Алдынала чечим кабыл алууга негиз болгон товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда алдынала чечим кабыл алуу үчүн жыйымдын төлөнгөн суммасы кошуп эсептелүүгө тийиш. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [238-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-238)  
Кийинки берене: [240-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-240)
