# 237-статья. Товарларды бажы чегарасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-237>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-237.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 237-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-237

---

же белгиленген чектөөлөрдү бузуу менен товарларды пайдаланууда бажы алымдарын, салыктарын эсептөө

1. Ушул Кодексте белгиленген талаптарды жана шарттарды бузуу менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген жана аларга бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлар жагынан төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммалары бажы чегарасынан өткөн күнгө карата; эгерде мындай күндү белгилөө мүмкүн болбосо - ушундай товарларды бажы органдары тапкан күнгө карата колдонулган бажы алымдарынын, салыктарынын ченемдерине таянуу менен эсептелет. Ички бажы транзитине же убактылуу сактоого ылайык бажы жол-жоболоруна жараша ташылып келген же сакталып жаткан товарлар жоголгон, жеткирилбей калган же бажы органынын уруксатысыз берилген учурларда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы тиешелүү бажы жол-жобосуна карата товарларды жайгаштыруу күнүнө карата колдонулган ченемдик таянуу менен эсептелет.

Товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары мыйзамсыз түрдө ташылып чыкканда төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммалары бажы чегарасынан өткөн күнгө карата; эгерде мындай күндү белгилөө мүмкүн болбосо - товарлар ташылып чыккан айдын биринчи күнүнө же жылдын биринчи айынын биринчи күнүнө карата колдонулган бажы алымдарынын, салыктарынын ченемдерине таянуу менен эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлардын бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында салык базасы катары товарлардын бажы наркы, алардын саны же ушул статьянын 1-пунктуна ылайык бажы алымдарынын, салыктарынын ченемдери колдонулган күнгө карата салык базасын аныктоо үчүн колдонулган башка мүнөздөмөлөр пайдаланылат.

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлардын бажы төлөмдөрүнүн суммасынан товарларды жүгүртүүдө төлөнгөн кошумча нарк салыгынын суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн пайдаланылган документтерде, тастыкталган өлчөмдө кемитилет.

3. Аларга байланыштуу бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу берилгенден башка максатта шарттуу чыгарылган товарларды пайдаланууда бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күнгө карата колдонулган бажы алымдарынын, салыктарынын ставкалары, товарлар эркин айланууга чыгарылгандай колдонулат. Товарлардын бажы наркы, алардын саны же салык базасын аныктоо үчүн пайдаланылуучу башка мүнөздөмөлөрү бажы алымдарынын, салыктарынын ставкалары колдонулган күнгө карата аныкталат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [236-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-236)  
Кийинки берене: [238-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-238)
