# 235-статья. Бажы алымдарынын, салыктарынын ставкаларын колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 235-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-235

---

1. Бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында бажы органы бажы декларациясын кабыл алган күнгө карата колдонулган ченемдер колдонулат, буга ушул Кодекстин 237-статьясынын 1-пунктунда каралган учурлар кирбейт.

2. Бажы алымдарын, салыктарын эсептөө максатында Кыргыз Республикасынын Бажы тарифине жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актыларына ылайык товарлардын аталышына жана классификациясына ылайык келген ченемдер колдонулат, буга ушул пункттун экинчи абзацында каралган, ошондой эле жеке жактар бажы чегарасы аркылуу алып өткөн товарларга топтоштурулган бажы төлөмдөрү жана/же бажы алымдарынын, салыктарынын бирдиктүү ченемдери колдонулган учурлар кирбейт (28-глава).

Ушул Кодекстин 290-статьясына ылайык тышкы экономикалык иштин Товардык номенклатурасы боюнча бир квалификациялык кодду көрсөтүү менен бир нече аталыштагы товарларды декларациялоодо бардык ушундай товарлар жагынан бажы алымдарынын, салыктарынын ушул кодго ылайык келген ченемдер колдонулат. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [234-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-234)  
Кийинки берене: [236-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-236)
