# 233-статья. Резервдик усул

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 233-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-233

---

Эгерде товардын бажы наркы ушул Кодекстин 228-232-статьяларында көрсөтүлгөн товардын бажы наркын аныктоо усулдарын ырааттуу колдонуунун натыйжасында декларант тарабынан аныкталышы мүмкүн болбосо, же бажы органы бажы наркын аныктоонун ушул усулдары колдонулушу мүмкүн эмес деп негиздүү түрдө эсептесе, анда баа берилүүчү товарлардын бажы наркы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен аныкталат. Резервдик усул колдонулганда бажы органы декларантка өзүнүн карамагында болгон баа маалыматын берет. Резервдик усул боюнча товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында төмөнкүлөр пайдаланылышы мүмкүн эмес:

а) экспортточу өлкөнүн ички рыногундагы товарга баа;

б) өндүрүүнүн наркы окшош жана бир тектүү товарлар үчүн наркты кошуу усулуна ылайык аныкталуучу нарктан башка;

в) эң төмөнкү бажы наркы;

г) товар ташылып чыгуучу өлкөдөн үчүнчү өлкөлөргө берилүүчү товардын баасы;

д) ата мекендик товарларга Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы товардын баасы;

е) товардын эркин белгиленген же ишенимдүү тастыкталбаган баасы.

Бажы наркын аныктоодо бажы максаты үчүн эки альтернативалуу нарктан алда канча жогорку наркты негиз катары пайдаланууну белгилеген тутум кабыл алынышы мүмкүн эмес. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [232-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-232)  
Кийинки берене: [234-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-234)
