# 230-статья. Бир тектүү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усул

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-230>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-230.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 230-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-230

---

1. Бир тектүү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усулду пайдаланууда товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында ушул статьяда көрсөтүлгөн шарттар сакталганда ташылып келүүчү товарлар менен бир тектүү товарлар боюнча бүтүмдүн баасы колдонулат. Мында бардык жагынан бирдей болбосо да, мүнөздөмөлөрү окшош болуп саналган жана окшош компоненттерден турган товарлар бир тектүү товарлар деп түшүнүлөт, бул аларга баа берилип жаткан товардай эле функцияларды аткарууга жана коммерциялык жактан өз ара алмаштырылып турууга мүмкүндүк берет. Товарлардын бир тектүүлүгүн аныктоо учурунда алардын төмөнкүдөй белгилери эске алынат:

сапаты, товардык белгинин болушу жана рыноктогу баркы; чыгарылган өлкөсү; өндүрүүчү.

2. Бир тектүү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча товардын бажы наркын аныктоо усулун пайдаланууда ушул Кодекстин 229-статьясынын 2-4-пункттарынын жоболору колдонулат.

3. 229-статьянын жана ушул статьянын жоболорунун негизинде товардын бажы баасынын усулун пайдаланууда:

а) эгерде товарлар бааланып жаткан товарлар чыккан өлкөдө өндүрүлбөгөн болсо, алар бирдей бааланган же бир тектүү товар деп эсептелбейт;

б) баа коюлуп жаткан товарларды өндүрүүчү тарабынан чыгарылбаган, башка жак тарабынан өндүрүлгөн товарлар баа коюлуучу товарларды чыгарган жак өндүргөн окшош да, бир тектүү да товарлар болбогон учурда эске алынат;

в) эгерде товарларды долбоорлоо, алар жагынан тажрыйба-конструктордук иштер, алардын көркөм жасалгасы, дизайны, эскиздери жана чиймелери, башка ушундай иштери Кыргыз Республикасында аткарылган болсо жана Кыргыз Республикасына ташып кетүү үчүн өндүрүүгө жана сатууга байланыштуу акысыз же төмөндөтүлгөн баа боюнча сунуш кылынган болсо, алар окшош же бир тектүү деп эсептелбейт.

---

Мурунку берене: [229-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-229)  
Кийинки берене: [231-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-231)
