# 229-статья. Окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усул

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 229-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-229

---

1. Окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усулду пайдаланууда товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында ушул статьяда көрсөтүлгөн шарттар сакталган шартта окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы колдонулат. Мында окшош товарлар деп баалануучу товарлар менен бардык жагынан, анын ичинде төмөнкүдөй белгилер боюнча окшош товарлар түшүнүлөт:

физикалык мүнөздөмөсү; сапаты жана рыноктогу баркы; чыгарылган өлкө; өндүрүүчү. Тышкы көрүнүшүндөгү болор-болбос айырмалар товарларды окшош деп кароодон баш тартуу үчүн негиз боло албайт, эгерде башка жагынан товарлар ушул пункттун талаптарына ылайык келсе.

2. Окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы товардын бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында кабыл алынат, эгерде мындай товарлар:

а) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү үчүн сатылган болсо;

б) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү үчүн баа берилүүчү товарлар менен бир учурда же ага чейинки мезгилде же андан 30 күндөн кийин ташылып чыккан болсо;

в) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү үчүн болжол менен бирдей эле санда жана (же) ошол эле коммерциялык деңгээлде (дүң, чекене) ташылып чыккан болсо. Эгерде окшош товарлар башка санда жана (же) башкача коммерциялык деңгээлде ташылып келген болсо, анда декларант ушул айырмачылыктарды эске алуу менен алардын баасына тиешелүү түрдө оңдоо киргизүүгө жана анын негиздүүлүгүн бажы органына документ менен тастыктоого тийиш.

3. Окшош товарлар менен бүтүм боюнча аныкталган товардын бажы наркы ушул Кодекстин 228-статьясынын 1-пунктундагы "а" пунктчасында көрсөтүлгөн чыгашалардагы кыйла айырмаларды эске алуу менен оңдоо киргизилүүгө тийиш.

Оңдоо киргизүүнү декларант ишенимдүү жана документтер менен тастыкталган маалыматтардын негизинде жүргүзүүгө тийиш.

4. Эгерде ушул усулду пайдалануу учурунда окшош товарлар боюнча бүтүмдүн бирден ашык баасы табылса, анда ташылып келүүчү товарлардын наркын аныктоо үчүн алардын эң төмөн наркы колдонулат.

---

Мурунку берене: [228-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-228)  
Кийинки берене: [230-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-230)
