# 227-статья. Товардын бажы наркын аныктоо усулдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-227>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-227.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 227-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-227

---

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарлардын бажы наркын аныктоо төмөнкүдөй усулдарды ырааттуу колдонуу жолу менен жүргүзүлөт:

ташылып келүүчү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча; окшош товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча; бир тектүү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча; наркын кемитүүнүн негизинде; наркын кошуунун негизинде; резервдик усул менен.

2. Ташылып келүүчү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча усул товардын бажы наркын аныктоонун негизги усулу болуп саналат. Эгерде негизги усул колдонулушу мүмкүн болбосо, ушул статьянын 1-пунктунда саналып өткөн усулдардын ар бири ырааттуу колдонулат. Мында эгерде товардын бажы наркын мурдагы усулду колдонуу жолу менен аныктоого мүмкүн болбосо, ар бир кийинки усул колдонулат.

Декларанттын арызы боюнча наркты кемитүү жана кошуу усулдары кандай ырааттуулукта болбосун колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [226-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-226)  
Кийинки берене: [228-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-228)
