# 226-статья. Бажы органынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 226-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-226

---

Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркын аныктоонун тууралыгын тастыктоочу маалыматтар жок болсо, бажы органы ушул Кодекстин 256-статьясына ылайык товарды убактылуу шарттуу баалоонун негизинде эсептелген бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылынышы менен товарды чыгарып берүүгө акылуу. Бажы органы декларация берүүчүнүн кат жүзүндөгү суроо-талабы боюнча бир айлык мөөнөттө декларация берүүчүгө ал билдирген товардын наркы кандай себептер боюнча бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн негиз катары кабыл алынышы мүмкүн эместигин түшүндүргөн кат жүзүндөгү түшүндүрмө берүүгө жана товарларды убактылуу (шарттуу баалоо кандайча аныкталгандыгы тууралу маалымат берүүгө милдеттүү. Товардын бажы наркын аныктоо жагында декларация берүүчү бажы органынын чечимине макул болбогондо ушул Кодексте аныкталган тартипте мындай чечим даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [225-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-225)  
Кийинки берене: [227-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-227)
