# 225-статья. Декларация берүүчүнүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-225>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-225.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 225-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-225

---

Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркы жана аны аныктоого тийиштүү болгон ал берген маалыматтар анык, сан жагынан аныкталуучу жана документтер менен ырасталуучу маалыматка негизделүүгө тийиш. Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркын тастыктоо зарыл болгондо декларация берүүчү бажы органынын талабы боюнча ага бул үчүн керек болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Декларация берүүчү берген маалыматтардын аныктыгына бажы органында шек пайда болгондо товардын бажы наркын аныктоо үчүн декларация берүүчү анын аныктыгын далилдөөгө укуктуу болот. Декларация берүүчү пайдаланган маалыматтардын аныктыгын тастыктоочу далилдер келтирилбеген учурда бажы органы бажы баа жагынан берүүсүнүн декларация берүүчү тандап алган усулун пайдалануунун мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алууга акылуу. Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркын сактоо зарылдыгы пайда болгондо жарнак берүүчү бажы органына декларацияда билдирилген товарды ушул Кодекстин 256-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу менен пайдаланууга берүү өтүнүчү менен кайрыла алат. Декларация берүүчү билдирген товардын бажы наркынын тууралыгын тастыктоого же бажы органына кошумча маалымат берүүгө байланыштуу пайда болгон чыгашаларды декларация берүүчү көтөрөт.

---

Мурунку берене: [224-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-224)  
Кийинки берене: [226-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-226)
