224-статья. Товарлардын бажы наркын билдирүү жана аныктоо тартиби
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 32-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
1. Бажы наркын товарларды декларациялоодо бажы органына декларант билдирет.
Декларант билдирген бажы наркы жана аны аныктоого тиешелүү ал берген маалыматтар ишенимдүү, сан жагынан аныкталуучу жана документалдык жактан тастыкталган маалыматка негизделүүгө тийиш.
2. Эгерде декларант берген документтер жана маалыматтар билдирилген бажы наркы жагынан чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү болуп саналбаса, бажы органы декларанттан кошумча документтерди жана маалыматтарды жазуу жүзүндө суратат жана аларды берүү үчүн мөөнөтүн белгилейт, ал ошол үчүн жетиштүү болууга тийиш.
Товарлардын билдирилген бажы наркын тастыктоо үчүн декларант бажы органынын талабы боюнча зарыл кошумча документтерди жана маалыматтарды берүүгө же бажы органы сураткан документтер менен маалыматтар берилиши мүмкүн эместигинин себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Декларант бажы наркын аныктоонун өзү тандаган усулун пайдалануунун укукка ылайыктуулугун жана өзү берген маалыматтардын ишенимдүүлүгүн далилдөөгө укуктуу.
3. Декларант билдирген бажы наркын аныктоонун тууралыгын тастыктаган маалыматтар жок болгон учурда же декларант берген документтер жана маалыматтар ишенимдүү эместигинин жана (же) жетиштүү эместигинин белгилери табылган учурда, бажы органы бажы наркын аныктоонун тандалган усулун пайдалануунун жол берилбестиги жөнүндө чечим кабыл алууга жана декларантка ушул Кодекске ылайык башка усулу пайдалануу менен бажы наркын аныктоону сунуш кылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн учурда бажы органы менен декларанттын ортосунда бажы наркын аныктоо үчүн негизди тандоо боюнча консультациялар жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Декларант кошумча документтерди жана маалыматтарды бажы органы белгилеген мөөнөттө бербеген же бажы органы декларант берген маалыматтар ишенимдүү эместигинин жана (же) жетиштүү эместигинин белгилерин тапкан жана мында декларант бажы наркын башка усулдун негизинде аныктоодон баш тарткан учурларда, бажы органы бажы наркын аныктоо усулунун ырааттуу колдонуу менен товарлардын бажы наркын өз алдынча аныктайт. Бажы органы кабыл алынган чечим жөнүндө декларантка жазуу жүзүндө билдирет.
5. Эгерде товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууда, товарлардын бажы наркын аныктоону кийинкиге калтыруу зарылчылыгы келип чыкса, товарларды чыгаруу кошумча эсептелиши мүмкүн болгон бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыз кылган шартта декларант билдирген бажы наркын тастыктаган документтер менен маалыматтарды ал бергенге чейин бажы органы аныктаган товарлардын убактылуу (шарттуу) баасынын негизинде бажы алымдарын, салыктарын төлөө менен бажы наркын аныктоо жол-жобосу аяктаганга чейин жүргүзүлүшү мүмкүн.
6. Көрсөтүлгөн документтер менен маалыматтар ушул статьянын 4-пунктуна ылайык бажы органы белгилеген мөөнөттө берилбеген учурда, убактылуу (шарттуу) баа бажы алымдарын жана салыктарын эсептөө жана төлөө максатында товарлардын бажы наркы катары каралат, буга бажы органы бажы наркы убактылуу (шарттуу) баадан жогору же төмөн экендиги жөнүндө чечим кабыл алган учурлар кирбейт.
Эгерде бажы наркын аныктоонун натыйжасында бажы алымдарын, салыктарын толуктап төлөө же кайтарууну талап кылынса, ал бажы наркын аныктоо жөнүндө бажы органы чечим кабыл алган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктарынын кошумча суммасына туум эсептелбейт.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Бажы аймагына алынып келинүүчү товарлар боюнча маалыматтарды түзүүнүн жана пайдалануунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
224-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 11 марта 2005 года № 123 "О мерах по реализации требований Таможенного кодекса Кыргызской Республики"Постановление · 11.03.2005 · № 123 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин 2008-жылдын 16-февралындагы № 16 Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин 21.12.2007-ж.№ 208 " Мамлекеттик бажы комитетинин…Приказ · 16.02.2008 · № 16 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Постановление Правительства КР от 11 марта 2005 года № 123 "О мерах по реализации требований Таможенного кодекса Кыргызской Республики"Постановление · 11.03.2005 · № 123 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-224" title="224-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>