# 221-статья. Бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жактар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 31-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-221>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-221.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 221-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-221

---

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарбаган же тийиштүү аткарбаган, анын ичинде аларды туура эмес эсептеген жана (же) өз учурунда төлөбөгөн учурда бажы органдардынын алдында жоопкерчиликти бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жооптуу жак тартат.

2. Товарлардын декларанты бажы алымдарын жана салыктарын төлөө үчүн жооптуу жак болуп саналат. Эгерде декларациялоо бажы брокери тарабынан жүзөгө ашырылса, бажы брокери жана декларант ушул Кодекстин 304-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн бирдей жоопкерчилик тартат.

3. Ушул Кодексте белгиленген товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча же башка талаптар менен шарттарды аткаруу боюнча ушул Кодекстин жоболору сакталбаган учурда мазмуну бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууну караган бажы жол-жоболорун жана бажы режимдерин колдонуу үчүн бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө жооптуу жак болуп убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси товарларды алуучу, бажы режиминин талаптарын жана шарттарын аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн жактар жана ушул Кодексте аныкталган башка жактар саналат.

4. Товарлар жана транспорттук каражаттар бажы чегарасы аркылуу мыйзамсыз өткөн учурда, эгерде товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз алып өткөн жактар, мыйзамсыз өткөрүүгө катышкан жактар мындай өткөрүүнү мыйзамсыздыгы жөнүндө билсе же билүүгө тийиш болсо, алар бажы алымдарын, салыктарын төлөө үчүн бирдей жоопкерчилик тартат. Бажы органдары тарабынан алардын таламында юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган, анын ичинде айрым укуктар берилген жак бажы жыйымдарын төлөө үчүн жооптуу жак болуп саналат.

---

Мурунку берене: [220-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-220)  
Кийинки берене: [222-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-222)
