# 215-статья. Чет мамлекеттердин дипломатиялык почтасын жана

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 215-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-215

---

консулдук вализин бажы чегарасы аркылуу алып өтүү

1. Чет мамлекеттердин бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүп жаткан дипломатиялык почта жана консулдук вализ ачылбайт, кармалбайт. Консулдук вализде ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн буюмзаттар бар экендигине олуттуу негиз болсо бажы органы чет мамлекет сунуш кылган ыйгарым укуктуу адам тарабынан бажы органынын кызматкеринин катышуусу менен консулдук вализди ачууну талап кылууга укуктуу. Аны ачуудан баш тартылган учурда консулдук вализ жөнөтүлгөн жерине кайра кайтарылат.

2. Дипломатиялык почтаны жана консулдук вализди түзгөн бардык жерлер ошол жерлердин мүнөзүн көрсөткөн тышкы көрүнөө белгилерге ээ болушу керек.

3. Дипломатиялык почта расмий пайдалануу үчүн арналган дипломатиялык документтерден жана товарлардан, ал эми консулдук вализ - расмий кат-кабарлардан жана документтерден же расмий түрдө пайдаланууга гана арналган товарлардан турууга тийиш.

---

Мурунку берене: [214-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-214)  
Кийинки берене: [216-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-216)
