# 211-статья. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 211-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-211

---

башчыларын жана өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык кызматкерлеринин мүчөлөрүнүн товарларын алып өткөрүү

1. Кыргыз Республикасына чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы жана өкүлчүлүктүн дипломатиялык кызматкерлеринин мүчөлөрү, ошондой эле алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү адепки ээ болгон товарларын кошкондо алардын жеке пайдалануусу үчүн арналган товарларды белгиленген жерлерден тышкары жана бажы органдарынын иш убактысынан тышкары бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулуу менен ташып келалат.

2. Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысынын, өкүлчүлүктүн дипломатиялык персоналынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке жүгү, эгерде аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдери менен ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салынган товарлар жеке пайдаланууга арналган товарлар эмес деп болжолдоого негиздер жок болсо бажы кароосунан бошотулат. Мындай кароо ушул статьяда көрсөтүлгөн жактардын же алар ыйгарым укук берген өкүлчүлүктөрдүн катышуусу менен жүргүзүлүшү керек.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [210-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-210)  
Кийинки берене: [212-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-212)
