# 21-статья. Товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 21-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-21

---

чегарасы аркылуу өткөрүү тартиби

1. Товарлар жана транспорттук каражаттар бажы чегарасы аркылуу ушул Кодексте белгиленген тартипте өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы менен дал келген жерлерде бажы чегарасынан иш жүзүндө өтүүнүн тартиби мамлекеттик чегара жөнүндөгү мыйзам менен, ал эми аны менен жөнгө салынбаган жерде - Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүү жана ал аймактан ташып кетүү, товарларды ташып өткөн жактарды ушул Кодексте каралган бажы режимдеринин бирөөнө товарларды коюуга жана бул бажы режиминин шартын сактоого милдеттендирет.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-22)
