# 203-статья. Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүүдө товарларды

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-203>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-203.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 203-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-203

---

Кыргыз Республикасынын бажы аймагын ташып келүүгө жана бул аймактан ташып кетүүгө тыюу салуу жана чек коюу

1. Төмөнкү товарларды эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүүгө жол берилбейт:

1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына тийиштүүлүгүнө жараша ташып келүүгө же ал аймактан ташып кетүүгө тыюу салынган товарлар;

2) Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларына ылайык жиберүүгө тыюу салынган товарлар;

3) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка товарлар.

2. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүгө же ал аймактан ташып кетүүгө чек коюлган товарларга карата товар алуучулар же жиберүүчүлөр болбосо алардын атынан аракеттенген жактар бажы жагынан жол-жоболоштурууда зарыл уруксаттарды, лицензияларды, сертификаттарды көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлгөн товарларга карата, эгерде товарлардын наркы ушул Кодекстин 220-статьясынын 2-пунктунун 2-пунктчасында каралган чектен ашпаса, эгерде товарлар жеке жактардын дарегине жиберилип жана өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иштер үчүн арналбаса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка учурларда тышкы соода мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулбайт.

4. Эларалык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүүгө тыюу салынган жана чек коюлган товарларды алып коюу, ошондой эле аларды тескөө бажы органдары тарабынан ушул Кодекске ылайык, ал эми алар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [202-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-202)  
Кийинки берене: [204-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-204)
