# 202-статья. Эларалык почта жиберүүлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 202-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-202

---

1. Ушул главаны колдонуу максаттары үчүн эларалык почта жиберүүлөрү деп Кыргыз Республикасынан тышкары жөнөтүү, Кыргыз Республикасына келген же анын аймагы аркылуу транзит менен өткөн почта жөнөтүүлөрүн кабыл алуу түшүнүлөт. Эларалык почта жиберүүлөрүнүн түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) каттар (жөнөкөй, тапшырык менен, баасын жарыялоо менен);

2) почта карточкалары (жөнөкөй, тапшырык менен);

3) бандеролдор жана атайын "М" каптары (жөнөкөй, тапшырык менен);

4) секограммалар (жөнөкөй, тапшырык менен);

5) майда пакеттер (тапшырык менен);

6) жөнөтмөлөр (кадимки, баасын жарыялоо менен);

7) эларалык экспресс-почта жиберүүлөрү.

2. Эларалык почта жиберүүлөрүн жөнөтүү Дүйнөлүк почта бирлигинин актыларында каралган документтер менен коштолууга тийиш.

3. Ушул главанын жоболору сатылышы чекене соода-сатык келишимдери боюнча жана эларалык почта жиберүүлөрү боюнча жөнөтүлүүчү үлгүлөр боюнча сатылган товарларга жайылтылбайт.

4. Эларалык почта жиберүүлөрү бажы органдарынын уруксатысыз почта байланышынын уюмдары тарабынан аларды алуучуларга берилиши болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жиберилиши мүмкүн эмес. Ушул главаны колдонуу максаттары үчүн почта байланыш уюмдары деп колдонуудагы мыйзамдарга ылайык почта байланыш кызматтарын көрсөткөн уюмдар түшүнүлөт.

---

Мурунку берене: [201-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-201)  
Кийинки берене: [203-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-203)
