# 2-статья. Кыргыз Республикасындагы бажы аймагы жана бажы чегарасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 2-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-2

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагы кургак жер аянтын жана анын үстүндөгү аба мейкиндигин кошуп алганда бирдиктүү бажы аймагын түзөт, анын чегинде Кыргыз Республикасы бажы ишине тиешелүү өзгөчө юрисдикцияга ээ.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чектери бажы чегарасы болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын аймактарында салык салуунун өзгөчө шарты колдонулган, иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын бажы аймактарынын бир бөлүгү болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн өзгөчө экономикалык зоналар болушу мүмкүн. Өзгөчө экономикалык зоналардын аймактарына жайгаштырылган товарлар, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган учурлардан тышкары, тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бажы алымдарын, салыктарды алууну жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймактарынан тышкары турган катары каралат.

4. Бажы чегарасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегарасы менен дал келет.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-3)
