# 198-статья. Жеке жактар алып өткөн товарлардын бажылык наркы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 28-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 198-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-198

---

1. Товарлардын бажылык наркы аларды алып өткөн жеке жак тарабынан товарларды декларациялоодо билдирилет. Билдирилген наркты тастыктоо үчүн товарларды соодада колдонулган чектер, эсептер жана башка документтер колдонулат.

2. Товарларды кошумча жүк менен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келүүдө, ошондой эле товарларды жиберүүдө бажы наркына товарларды аэропортко чейин же Кыргыз Республикасынын бажы аймагындагы товарлар келе турган башка жерге чейин жеткирүү боюнча чыгашалары кошулат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [197-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-197)  
Кийинки берене: [199-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-199)
