# 197-статья. Жеке жактардын бажы төлөмдөрүн төлөшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 28-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-197>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-197.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 197-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-197

---

1. Бажы төлөмдөрү жеке жактар тарабынан түздөн-түз товарларды декларациялоо учурунда төлөнөт.

2. Жеке пайдалануу үчүн бажы алымдарынын, салыктарынын бирдиктүү ставкасы боюнча бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарларга жана транспорттук каражаттарга, ошондой эле эсептик көрсөткүчтүн 40000 өлчөмүнөн ашпаган баадагы товарларга карата бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасы жана/же бажы төлөмдөрүнүн жыйындысы (аны бажы алымдарын, салыктарды жана башка бажы төлөмдөрүн түзүүгө бөлбөй туруп) колдонулат.

Бажы алымдарынын жана салыктардын, бажы төлөмдөрүнүн жыйындысынын бирдиктүү ставкаларын колдонуунун тартиби, ошондой эле анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Жеке жактар бажы төлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин нускамасында аныкталган формада бажылык кириштөө ордерин колдонуу менен төлөшөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [196-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-196)  
Кийинки берене: [198-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-198)
