# 195-статья. Жеке жактар жекече пайдалануу үчүн алып өткөн

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 28-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 195-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-195

---

товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу

1. Жеке жактар жекече пайдалануу үчүн алып өткөн товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жеңилдетилген тартипте жүргүзүлөт.

2. Бажы чегарасынан өзүнүн автотранспорттук каражаты, ошондой эле коммерциялык багыттагы автотранспорттук каражаты же поезд менен өткөн жеке жактар бажы жагынан жол-жоболоштурууну транспорттук каражаттан сыртка чыкпастан аткара алат.

3. Транспорттук каражаттарды кошкондо жеке жак алып өткөн товарларды аталган жактардын өтүнүчү боюнча, ошондой эле товарларды бажы жагынан дароо жол-жоболоштуруу же бажы төлөмдөрүн бажы органдарына байланышпаган себептер боюнча төлөө мүмкүн болбогон учурда убактылуу сактоо кампаларына жайгаштырылат. Товарларды убактылуу сактоо, анын ичинде убактылуу сактоо мөөнөтү ушул Кодекстин 9-главасында каралган тартипте жүргүзүлөт.

4. Жеке жактар алып өткөн товарлардын бажы жагынан жол-жоболоштурууну жөнөкөйлөштүрүү максатында ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган коңшу мамлекеттердин бажы кызматтары менен жеке жактар автомобиль жана темир жол транспорту менен алып өткөн товарларды бажы жагынан жол-жоболоштурууну жана бажы контролун жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашуу түзөт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [194-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-194)  
Кийинки берене: [196-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-196)
