# 192-статья. Товарларды бажы чегарасы аркылуу өздүк пайдалануу үчүн

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 28-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027); 26.03.2007 [Закон КР от 26 марта 2007 года № 39 "О внесении изменений в Таможенный кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202073)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 192-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-192

---

алып өтүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартиби (статьянын аталышы КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Эгерде транспорттук каражаттардан тышкары Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып келинүүчү товарлардын наркы эң аз айлык акынын 380 өлчөмүнөн ашпаса бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук бошотулат.

Наркы эсептешүү көрсөткүчүнүн 380 өлчөмүнөн ашкан товарларга карата ушул главага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бажы төлөмдөрү колдонулат. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген сандын чегинде колдонулат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акциздик товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен жеке жактардын товарларды алып келүүсүнө саны же наркы жагынан чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотуу берилбеген же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагына белгилүү бир жаш куракка жетпеген адамдар, ошондой эле бажы чегарасынан көп өтүп турган жеке жактар алып келүүчү товарларга карата азайтылган чектер бериле турган учурларды аныктоого укуктуу.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке жактар тарабынан алар туруктуу жашаган жерине көчүп келгенде алынып келген товарларга, качкындар жана көчүп келгендер тарабынан алынып келген товарларга, ошондой эле мурасталуучу мүлккө карата бажы төлөөдөн толук бошотуу ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген чектерден ашып кеткен өлчөмдөрдө колдонулуучу учурларды аныктоого укуктуу.

5. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ушул статьяга ылайык ташылып келүүчү же ташылып кетүүчү товарлар бажы максаттары үчүн ылайыгына жараша эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган же болбосо экспорттун бажы режиминде алынып кеткендер катары каралат.

6. Жеке жактар жөнөкөйлөштүрүлгөн, жеңилдетилген тартипте ташылып чыккан товарлар ички салыктарды төлөөдөн, кайра кайтаруудан же ордун толтуруудан бошотулбайт.

(КР 2007-жылдын 26-мартындагы № 39, 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [191-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-191)  
Кийинки берене: [193-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-193)
