# 191-статья. Жеке жактардын пайдалануу үчүн товарларды жекече өтүшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 28-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 191-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-191

---

1. Өндүрүштүк, ишкердик же башка коммерциялык иш үчүн эмес, жеке жактардын жекече пайдаланышы үчүн арналган товарлар ал жактар тарабынан бажы чегарасы аркылуу ушул главанын жоболоруна ылайык жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте, ал эми ушул глава менен жөнгө салынбаган жагында - ушул Кодекс менен белгиленген жалпы тартипке ылайык алып өткөрүлөт.

2. Жеке жактын барып келишинин бардык жагдайларын эске алуу менен жана бажы чегарасы аркылуу өтүүчү товарлар өндүрүштүк, ишкердик же коммерциялык башка жумуштарга пайдалануу белгилери жок болгон шартта товарлардын колдонуу багытын товарлардын мүнөздөмөсүнө жана санына, алып өтүшү жыштыгына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

3.(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

---

Мурунку берене: [190-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-190)  
Кийинки берене: [192-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-192)
