# 19-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 19-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-19

---

жүзөгө ашыруучу жактардын реестри

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрин түзөт жана аны жүргүзөт.

2. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтар таанышуу үчүн жеткиликтүү болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интернет-ресурсуна жайгаштырылат. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтарды мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жол берилет.

3. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестри төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

1) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдердин тизмеги жана күнү жөнүндө;

2) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө жокко чыгарылган чечимдер тууралуу;

3) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө мурда берилген чечимдердин колдонуусун токтотуу жөнүндө;

4) бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги жөнүндө;

5) убактылуу сактоо кампалары, бажы кампалары жана алымсыз соода дүкөнү жайгашкан орундары жөнүндө;

6) бажы брокеринин бөтөнчөлөнгөн түзүмдүк бөлүктөрүнүн тизмеги жана жайгашкан орду жөнүндө;

7) бажы брокеринин штатындагы бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адистер жөнүндө.

4. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тийиштүү чечим кабыл алган күндөн тартып 5 күндөн ашпоого тийиш.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-20)
