# 189-статья. Жабдууларды жана белен тетиктерди убактылуу ташып

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 189-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-189

---

келүү

1. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына транспорттук каражаттар менен бирге убактылуу ташып келинген жана транспорттук каражаттардан өзүнчө же чогуу пайдаланылгандыгына карабастан, алар менен бирге кайра ташылып кете турган жүк жүктөө, түшүрүү, иштетүү жана коргоо үчүн атайын жабдууларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук бошотулат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына убактылуу ташылып келинген белен тетиктерди жана жабдууларды алмаштыруу максатында ремонттоо же техникалык тейлөөдө пайдаланууга арналган, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына убактылуу ташылып келген транспорттук каражатка орнотулган же аны эксплуатациялоодо пайдаланылган белен тетиктерге жана жабдууларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук бошотулат.

---

Мурунку берене: [188-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-188)  
Кийинки берене: [190-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-190)
