# 187-статья. Убактылуу ташып кетүү бажы режимин өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 187-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-187

---

1. Убактылуу ташылып кеткен транспорттук каражаттарга карата убактылуу ташып кетүү бажы режимин ушул Кодексте белгиленген талаптарды жана шарттарды сактоо менен экспорттук бажы режимине же башка бажы режимине өзгөртүүгө жол берилет.

2. Убактылуу ташылып кеткен транспорттук каражатка менчик укугу чет өлкөлүк жакка берилген учурда, жак убактылуу ташып кетүү бажы режимин экспорттук бажы режимине өзгөртүүгө милдеттүү.

3. Убактылуу ташып кетүү бажы режимин өзгөртүү бажы органына транспорттук каражатты иш жүзүндө көрсөтүүсүз эле жол берилет.

---

Мурунку берене: [186-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-186)  
Кийинки берене: [188-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-188)
