# 186-статья. Убактылуу ташылып кеткен транспорттук каражаттарды

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 186-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-186

---

кайра ташып келүү

1. Эгерде транспорттук каражаттар Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде аларды техникалык тейлөө жана ремонттоо боюнча операцияларды кошкондо аларды сактоону жана эксплуатациялоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операциялардан тышкары кайра иштетүү операцияларына алынбаса, ал операциялар транспорттук каражаттын наркынын аларды ташып чыгуу учурундагы баланстык наркына салыштырганда кымбатташына алып келбеген шартта Кыргыз Республикасынын бажы аймагына кайра ташып келүүдө бажы алымдары, салыктар алынбайт.

2. Эгерде мыйзамдын же келишимдин колдонулушуна ылайык акысыз ремонт жүргүзүүдөн же Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жерде кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктардан улам бузулган транспорттук каражатты калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон ремонт жүргүзүлгөндөн тышкаркы учурларда ремонттун же кайра иштетүү боюнча башка операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында транспорттук каражаттын баланстык наркы көбөйгөн учурда, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режиминде кайра иштетүү продуктуларын ташып келүүдө бажы алымдарын, салыктарын алууга карата ушул Кодекстин 139-статьясында каралган тартипти колдонуу менен бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай бошотуу колдонулат. Кайра иштетүү боюнча операциялардын наркын аныктоодо транспорттук каражаттарды кайра иштетүү, жерине жеткирүү жана андан кайра алып келүү боюнча чыгымдар, эгерде мындай которуштуруу товарларды же жүргүнчүлөрдү эларалык ташууну жүргүзүү менен байланышкан болсо эске алынбайт.

---

Мурунку берене: [185-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-185)  
Кийинки берене: [187-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-187)
