# 184-статья. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 27-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 184-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-184

---

1. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүүгө ал Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүүдө турган жана ушул статьянын 3-пунктунда каралгандан тышкаркы учурларда ата мекендик жакка катталган шартта жол берилет.

2. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүүдө бажы алымдары, салыктар алынбайт.

3. Мурда Кыргыз Республикасынын бажы аймагына убактылуу ташып келинген жана ата мекендик жактын (ал транспорттук каражат ата мекендик жакка катталгандыгына же катталбагандыгына карабастан) пайдалануусуна, ээлик кылышына же тескөөсүнө менчик укугун өткөрүп берүүсүз берилген транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүүгө жол берилет. Мында ушундай транспорттук каражаттарга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарым-жартылай бошотууну колдонууда алардан бажы алымдарын, салыктарды алуу жагындагы убактылуу ташып кетүү бажы режиминин колдонулушу жана шарттары убактылуу ташып кетүү бажы режимин реэкспорттук бажы режимине же башка бажы режимине өзгөртүүгө арыз берилгенге чейин токтотулбайт.

4. Транспорттук каражаттарды убактылуу ташып кетүүгө ал Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары жерде кандай жак жана кандай максатта пайдаланыла тургандыгына карабастан жол берилет.

---

Мурунку берене: [183-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-183)  
Кийинки берене: [185-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-185)
