# 18-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 18-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-18

---

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра жол-жоболоштуруу

Уюштуруу-укуктук таризинин же анын жайгашкан жеринин өзгөрүүсүнө алып келбеген жактын аталышы өзгөргөн учурда, бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу тиешелүү документтерди тиркөө менен бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра карап чыгуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү. Чечимди кайра жол-жоболоштурууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурда берилген чечим жокко чыгарылат. Жаңыдан кабыл алынган чечимге чечимдер реестринин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген күнү көрсөтүлөт. Кайра жол-жоболоштуруу мезгилинде, чечимди алганга чейин бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жак ишин мурда кабыл алынган чечимдин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырат. Чечимди кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз арыз берүүчү тарабынан кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналган жагдайлар болгон учурдан тартып 5 күндүн ичинде берилет. Чечимди кайра жол-жоболоштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак тарабынан тиешелүү арыз жана документтер берилген күндөн тартып 5 күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактан ушул статьяда каралган негиздерден тышкары кайра жол-жоболоштурууну талап кылууга тыюу салынат. (КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-19)
