# 179-статья. Атайын бажы режимдеринин мазмуну, товарларды атайын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 26-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 179-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-179

---

бажы режимдеринин алдына коюунун тартиби жана шарттары

1. Атайын бажы режимдери товарларды бажы алымдарынан, салыктарынан толук бошотууну, ошондой эле аларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонбоону карайт.

2. Товарларды атайын бажы режимдеринин алдына коюуда төлөнгөн бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы кайра кайтарылбайт, ошондой эле ички салыктарды төлөөдөн, кайра кайтаруудан же ордун толтуруудан бошотулбайт.

3. Товарларды атайын бажы режимдеринин алдына коюунун башка талаптары жана шарттары, ошондой эле аталган бажы режимдеринин алдына коюлган товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [178-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-178)  
Кийинки берене: [180-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-180)
